Step into your success...
Success begins at OshSU!

International relations office

Our news

35 2018-06-14 13:22:47

АнМУнун студенттери практикалары боюнча ой бөлүшүштү

Ош МУда 31-майдан 9-июнга чейин диалектологиялык практика өтөгөнү келген Андижан мамлекеттик университетинин 10 студенти бул жактан алган таасирлери туурасында интервью беришти. Анда маегибизге көңүлүңүздөрдү бурабыз. Микрофон студенттерде.

- Орошон окуу жайдын зангыраган башкы корпусу, структуралык түзүмдөрү, өзгөчө кыргыз филологиясы, кыргыздын улуттук калоритин чагылдырган окуу кааналары, факультети борбордук илимий китепканасы, робот сканер, ирбис 64, китептердин көптүгү, Нур гезити, Манас таануу каанасы, чыгыш таануу кафедрасынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу бизди өзгөчө сезимдерге бөлөдү. 
- Окуу жайдагы заманбап билим алуу үчүн түзүлгөн ыңгайлуулуктар, жатаканада уюштурулган мыкты шарттар, эл аралык байланыштары, факультеттин жамаатынын жылуу мамилеси эстен чыккыс таасирлерди калтырды.
- Студенттер экзамендерди он-лайн тапшырмалар, компьютердик тестирлөө аркылуу тапшыруусу коррупциянын тамырын кыркууга багытталган иш-аракет катары бизди абдан таң калтырды.
- Ош шаарынын табиятынын кооздугу, абасынын тазалыгы, касиеттүү Сулайман тоосу, Ак-Буура дарыясынын суусунун тунуктугу, элдердин меймандостугу, адамгерчиликтүүлүгү, жөнөкөйлүгү бизге абдан жакты. 
- Курманжан Датка төрөлгөн айылга барып диалектилик маалыматтарды топтоо, боз үйдү тигүүгө баштан-аяк катышып, жардам бергендигибиз, кыргыз энелердин улуттук көөнөргүс каада-салттарды көрсөтүп бергендиги биз үчүн чоң сыймык болду. 
Университеттин жетекчилигинин камкордугу, проректорлордун биздеги шарт жагдайлардан кабар алып тургандыгы, чыгыш таануу кафедрасынын башчысынын берген баалуу маалыматтары, декандын сылык мамилеси, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жылуу тосуп алып, кызмат көрсөтүүсү үчүн ОшМУга терең ыраазычылык билдиребиз.

Фото сюжет

International students
Photo gallery
Videos
Сongratulations