Step into your success...
Success begins at OshSU!

International relations office

Our news

35 2018-06-14 13:33:11

Ректор жамаатты жаны корпус менен тааныштырды

Бүгүн ректор Каныбек Абдуваситович Ош МУнун Административдик кеңешинин мүчөлөрүн искусство жана эл аралык мамилелер факультетинин кыска мезгил ичинде сапаттуу салынып бүткөрүлгөн, кооздугу көздүн жоосун алган, шаарды көрккө бөлөп турган, жомоктогудай, татынакай, керемет, ажайып сулуу жаңы имараты менен расмий түрдө тааныштырды. Жамааттын кубанычында чек жок. Кыргыздын улуттук калоритин чагылдырган таң калыштуу дизайн менен декорация, заманбап инфраструктура, искусство жыттанган сүлпөт, өзгөчө архитектура, жарык жана кенен окуу кааналары, лекциялык залдар көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапты. 

Алдыңкы капталына узундугу 40 метр комуз орнотулган дүйнө жүзүндө жок экзоткалык укмуш имаратты жакынкы күндөрдө урматтуу президентибиз Сооронбай Шарипович өзү келип ачып бермей болуп жатат. Коомчулуктун назарын өзүнө бурган, баарын суктандырган окуу корпусу ак жолтой, келечектүү болсун.
Эсиңиздерге сала кетсек, бул - Ош МУ акыркы 5 жылда курган 10-имарат.

Фото сюжет

International students
Photo gallery
Videos
Сongratulations