Step into your success...
Success begins at OshSU!

International relations office

Our news

37 2018-06-14 13:39:05

Орус окумуштуусу Ош МУда он-лайн лекция окуду

Новосибирск шаарындагы Сибирь мамлекеттик телекоммуникация жана информатика университетинин бизнес-процесстерди математикалык моделдештирүү кафедрасынын башчысы, тех.и.д., профессор Канев Валерий Семенович Ош МУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин жамаатына “Илимий изилдөөлөрдө математикалык ыкмаларды жана математикалык моделдештирүүнү колдонуу” деген темада уккулуктуу лекция окуп берди. Аралыктан өткөрүлгөн сабакта маалыматтарды анализдөө жана иштеп чыгуу системасы, билим берүү программаларындагы компетенцияларды калыптандырууда математикалык моделдештирүүнүн ролу ж.б. жөнүндө сөз болду. Иш-чараны проректор А. Абдувалиев ачып, россиялык конок профессорду университет, анын багыттары, эл аралык байланыштары ж.б. менен кыскача тааныштырды. Соңунда студенттер жана окутуучулар кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. 

Профессор менен байланышып, иш-чараны уюштуруубузга жакындан жардам бергендиги үчүн жогоруда аталган университетте эмгектенип жаткан мекендешибиз Гүлжигит Ысаковичке көптөгөн рахматтарды айтабыз. Анын биздин окуу жайды бүтүрүп, бир топ жыл ОшМУда иштеп кеткендигин Валерий Семенович сыймыктануу менен маалымдады. Ошондой эле профессор Ош университети менен информатика адистиги боюнча биргелешкен диссертациялык кеңешти ачууга дагы абдан кызыктар экендигин жана биздин изденүүчүлөргө жана аспирант-магистранттарыбызга илимий жетекчи болуп иштешүүгө, эл аралык илимий проекттерди чогуу турмушка ашырууга макулдугун билдирди.
Жыйындын соңунда Абдыганы Осмонович лекторго атайын убакыттын бөлүп, факультеттин жаматтына кызыктуу лекция окуп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары дагы мындай лекцияларды регулярдуу өткөрүп туруу зарыл экендигин белгилеп, иштерине ийгиликтерди каалады.

Фото сюжет

International students
Photo gallery
Videos
Сongratulations