Step into your success...
Success begins at OshSU!

International relations office

Projects-Partners

Аткарылган иш чаралар

1. 14-17-июнь, 2017-жыл. «Студенттер - билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» II Достук фестивалы. 2017-жылы 14-17-июнь күндөрү К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде «Ыйман, адеп жана маданият жылына» карата  Ош декларациясына кирген ЖОЖдордун ортосунда 2-студенттик достук фестивалы болуп өттү.

Фестивалдын негизги максаты төмөнкүлөр болгон:

- республикадагы жогорку окуу жайлар арасындагы, анын ичинде студенттердин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана жаштарды улуттук маданиятка, элибиздин тарыхына кызыктыруу, рухий дөөлөттөрдү даңазалоо үчүн жүргүзүлгөн тарбия жаатындагы иштер боюнча тажырыйба алмашуу;

- окуу жайлардагы ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү;

- таланттуу студенттердин шыгын арттыруу жана жаштардын арасында алардын өнөрлөрүн жайылтуу.

Фестивалга ОшМУ, ЖАМУ, ТалМУ, НМУ, БатМУ ОГПИ, ЫМУнын жетекчилери менен катар жаш таланттар катышып, өздөрүнүн чыгармачылыктарын эң жогорку деңгээлде көрсөтүшүп, бир нече сыйлыктарга ээ болушкан.

Фестивалдын программасына төмөнкүлөр кирген:

1. Видеоролик. Башка региондун студенттерине жана көрүүчүлөргө өздөрүнүн областындагы кооз жерлерди жана окуу жайларын пропагандалоо максатында видеороликтерди көрсөтүү (7 мүнөт);

2. Саламдашуу  -  (3 мүнөт);

3. Фольклордук жанр.

- манас үчилтигинен үзүндү аткаруу (5 мүнөт);

- элдик секетпайлардан аткаруу (ашыктык ырлары);

- элдик музыкалык аспаптарда ойноо (комуз, кыяк, чоор, ооз комуз ж.б.).

- жарамазан айтуу (орозо айы болгондугуна байланыштуу).

4. Хореографиялык жанр.

 - бир кыргыз бийи;

- дүйнө элдеринин бийинен бир бий.

5. Тамашоу.

- турмуштун ар кыл көрүнүштөрүн сатира, юмор, интермедия менен күлкүлүү чагылдыруу (5 мүнөт).

6. Эстрадалык жанр.

- кыргыздын белгилүү обончу композиторлорунун өз аймактарына карата чыгарган чыгармаларынан аткаруу, мисалы, НМУ «Нарыным», ЖАМУ «Жалал-Абад» ж.б.у.с.

Кыргыз айылында кадыр түн.

- аймактарга мүнөздүү улуттук тамак-ашты даярдоо (даярдык менен келүү);

- уздардын  жарышы; 

- жаа атуу;

Концерттик программадан тышкары фестивалдын алкагында Каракол зоопаркына, «Карасай секи» музей комплексине, Жети-Өгүз капчыгайына саякаттар уюштурулуп, келген коноктор мыкты эс алып, студенттер достошуп кайтышкан.

2. 5-апрель, 2017-жыл. Баткен мамлекеттик университетинин проректору Кудайберди Сайдиевич башында турган 6 адамдан турган делегация Ош МУга танышуу, тажрыйба алмашуу максатында келишти. Окуу жайдын өкүлдөрү меймандарды жылуу тосуп алып, музейди, дата борборду, илимий китепкананы ж.б. көрсөтүп, университеттин кооз жайлары менен тааныштырды.

3. 4-апрель, 2018-жыл. Окутуучулардын мобилдүүлүгү ойдогудай жүрүүдө. Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз адабияты жана манас таануу кафедрасынын доценти, филол.и.к., “Жалын элдик театрынын” жетекчиси белгилүү драматург Асаналиева Кыял Айбашевна Ош декларациясынын алкагындагы ички мобилдүүлүк боюнча Ош МУга келди. Эми ал эки жума бою кыргыз филологиясы жана журналистика факультетиндеги кесиптештери менен тажрыйба алмашып, студенттерге сабак, мастер-класстарды өтүп, кафедралардын документтери менен таанышып, профессионалдык эргүүгө жана өсүүгө ээ болуп кайтмакчы. Эл аралык байланыштар бөлүмү Кыял айымды жылуу тосуп алып, университеттин конок үйүнө жайгаштырды жана музей менен тааныштырды. Андан соң ал проректор А.О. Абдувалиевдин кабыл алуусунда болуп, алдыдагы эки жумалык иш пландары менен бөлүштү. 

Факультете Кыял Айбашевнаны декан филол.и.к., доц. Н. Турганбаев жана филол.и.д., проф. Г. Жамгырчиевалар кучак жайып тосуп алышып, жамаат менен тааныштырышып, жекече иштөө графигин түзүп беришти. Ош МУнун учурдагы жетишкендиктери абдан таң калтырганын жана мындагы алгачкы өтүп берген сабагы студенттерде өзгөчө таасир калтырганын кошумчалады конок эжекебиз. 

Ош МУ Кыргызстандын жети дубанындагы окуу жайлардан келип тажрыйба алмашууну каалаган окутуучуларды кабыл алууга ар дайым даяр жана илим-билимге умтулган жаштар үчүн анын эшиги дайыма ачык.

4. 5-апрель, 2018-жыл. Конок лекциялардын кербени Ысык-Көл мамлекеттик университетинде. Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы, педагогика жана искусство факультетинин деканы филол.и.д., профессор макал-лакаптарга структуралык-семантикалык талдоо жүргүзүү боюнча фундаменталдык эмгектердин автору, көрүнүктүү илимпоз Дунканаев Абдыкалык Токтогулович кыргыз тилинин синтаксисинин айрым актуалдуу маселелери боюнча кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин филол.и.д., профессор Ж. Элчиев баштаган окутуучулар жамаатына, студенттерине он-лайн лекция окуп берди. Лекцияда азыркы кыргыз тили илиминдеги жаңы багыттар туурасында дагы кеп болду. Сабактын соңунда аудитория кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. 

Бул чакан иш-чараны өткөрүүдө бир нече адамдын салымы чоң. Эң биринчи кезекте алтындай убакытын бөлүп лекция окуган Абдыкалык агайыбызга, ЫМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Индира айымга жана техникалык кызматтарды өз деңгээлинде көрсөткөн жигиттерге, декан Нурмамат Орозовичке, Равшан Ураимовго жана катышуучуларга терең ыраазычылык билдирем. Бул лекция дагы көпчүлүктүн купулуна толду.

5. 12-апрель, 2018-жыл. ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнө келген коноктордун саны арбууда. ЖАМУнун финансы кредит жана аудит кафедрасынын башчысы э.и.к., доц. Карбекова Азиза эжекебиз баштаган чакан делегация Ош МУда жана эл аралык байланыштар бөлүмүндө конокто болуп кайтышты. Алар менен бөлүм башчы С.М. Амиралиев окуу жайдын ийгиликтери менен бөлүшүп, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүндөгү 180ге жакын алдыңкы окуу жайлар, алардын ичинде ЖаМУ менен болуп жаткан байланыштары, алакалары туурасында айтып берди. Бул маалымат аларды таң калтырды жана суктандырды. 

Келген коноктор Ош МУнун эл аралык байланыштары, бөлүмдүн иш-аракеттери боюнча көбүрөөк маалымат алышы үчүн үч тилде даярдалган буклеттер белек кылынды.

6 22-май, 2018-жыл. ОшМУнун окумуштуусу ЫМУнун окутуучуларына лекция окуду. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Алымкулов Келдибай Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучуларына “Жогорку математика, анын жашоодогу орду. Ал эмнени үйрөтөт?” деген темада он-лайн режиминде лекция окуп берди. Илимпоздун сабагына ЫМУнун ректору Абдылдаев Курманбек Кыянович өзү баш болуп катышып, Ош МУ менен ЫМУ мурдатан мыкты карым-катышта иштешип келе жаткандыгын, кызматташуу акыркы 5 жылда жогорку тепкичке көтөрүлгөндүгүн, ректор Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен Ош декларациясы түзүлүп, анын негизинде ушундай көңүл жылыткан иш-чаралар уштурулуп, окутуучулар менен студенттердин ортосунда академиялык алмашуулар активдүү жүрүп жаткандыгын жана Келдибай Алымкуловичти атактуу окумуштуу катарында жакшы биле тургандыктарын, андан сабак алуу чоң сыймык экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, мындай он-лайн лекция Ош МУ менен ЫМУнун ортосунда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Мындан бир ай мурда берметтүү Ысык-Көлдүн беделдүү профессору ф.и.д. Дунканаев Абдыкалык Токтогулович кыргыз филология факультетинин окутуучуларына мазмундуу лекция окуп берген.

International students
Photo gallery
Videos
Сongratulations
The Osh declaration