Step into your success...
Success begins at OshSU!

International relations office

Projects-Partners

Ички мобилдүүлүк боюнча келген студенттер үчүн уюштурулган ош мудагы иш-чаралар

1. 29-апрель, 2017-жыл. Ош декларациясынын алкагындагы ички мобилдүүлүк программасы боюнча Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен Ош мамлекеттик университетине келип окуп жаткан студенттер менен алгачкы жолу видео ролик тартылды. Бул чакан тасмада студенттер бул жактагы окуулары, жашоолору тууралуу ой бөлүшүштү. Даярдалган видео ОшМУнун сайтына жана Youtube каналына жүктөлдү.

2. 28-сентябрь, 2017-жыл. Ректор К.А. Исаков Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүк боюнча Ысык-Көл, Талас, Баткен мамлекеттик университеттеринен, мындан тышкары Стамбул, Тараз университеттеринен келип окуп жаткан студенттер менен жолугушуп, учурдагы жетишкендиктер, окуу жайдын билим сапатын жогорулатуудагы 9 кадам, алдыдагы перспективалык пландар ж.б. тууралуу кенен айтып берди. Каныбек Абдуваситович бүгүнкү күндө билим алууда камыр-жумур болуу абдан актуалдуу маселе экендигин белгилеп, студенттердин билими жана кругозорлору башка окуу жайдан билим алууда өзгөчө өнүгө тургандыгын айтып, мындан ары да ички академиялык мобилдүүлүккө тыкыр көңүл бурула тургандыгына басым жасады. Ал эми студенттер, аларды ордолуу окуу жай заманбап, татыктуу билим менен камсыз кылып, акысыз жатакана берип, колдон келген мыкты шарттарды түзүп, өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы үчүн жетекчиликке терең ыраазычылыктарын билдиришти.

3. 26-октябрь, 2017-жыл. Академиялык ички мобилдүүлүктүү ишке ашыруу Ош МУнун ректору, проф. Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен билим берүү мейкиндигин биргелештирүү максатында 2016-жылы 21-майында түзүлгөн "Ош декларациясынын" негизги милдеттеринин бири болчу. Бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл, Талас, Нарын, Баткен, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринен көптөгөн студенттер Ош МУга келишип, тажрыйба топтоп, татыктуу, сапаттуу билим алышууда. Аларды университет жатаканаларга акысыз жайгаштырып, профлоктория кызматтарынан дагы пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Конок студенттер Ош МУда заманбап билим алуу менен гана чектелбестен, жандуу, шандуу түстөрдү жашоолоруна сиңирип, маданий массалык, спорттук, интеллектуалдык иш-чараларга тартылууда.

4. 9-декабрь, 2017-жыл. Эл аралык байланыштар бөлүмү Ош декларациясынын алкагындагы ички мобилдүүлүк боюнча Талас, Ысык-Көл, Баткен мамлекеттик университеттеринен келип окуп жаткан студенттерге “Ош МУга саякат” аттуу экскурсия уюштурду. Саякаттын жүрүшүндө алар орошон Ош МУ, анын инфраструктурасы, музейи, дистанттык борбору, окуу корпустары, бардык факультеттери (МИТ, ФИЗТЕХ, ИНФАК, МЕДФАК, ФИЛФАК, ИСТФАК, БИМ, ПЕДФАК ж.б.), китепканалар, лабораториялар ж.б. менен жакындан таанышып чыгышты. Декандарыбыз, алардын орун басарлары, окутуучуларыбыз жылуу тосуп алышып, өздөрүнүн факультеттери тууралуу жалпы маалыматтарды беришти. 

Атайын жалданган минибус конок студенттерибизди эртеден кечке кыдыртып, ордолуу Ош шаарына дагы саякат жасатты. Көз жоосун алган кыргыз-кытай факультетинде меймандарга сый тамак уюштурулду.

Бул саякат студенттерге жылуу сезимдерди, бактылуу көз ирмемдерди тартуулап, жакшы таасирлерди калтырды. Алар Ош МУнун жаратып жаткан ийгиликтери, жетишкендиктери, автоматташтырылган, сапаттуу, заманбап билим берүү системасы, билим экспорту, ынтымактуу жамааты, дүйнөгө атагы чыккан илимпоздору, бул жактагы унутулгус бактылуу студенттик күндөрү ж.б. жөнүндө өз окуу жайларына айта бармай болушту.

Экскурсияны уюштурууга материалдык жана моралдык жактан жардам көрсөткөндүгү үчүн ректорубуз Каныбек Абдуваситовичке, проректор Абдыганы Осмоновичке, жаштар комитетинин төрагасы Мурат Алтынбек уулуна терең ыраазычылык билдиребиз. 

5. 22-декабрь, 2017-жыл. Эл аралык байланыштар бөлүмү “Ош декларациясынын” алкагындагы ички мобилдүүлүк боюнча Талас, Ысык-Көл, Баткен мамлекеттик университеттеринен келген студенттерге сертификат тапшыруу аземин уюштурду. Иш-чарага проректор А. Абдувалиев катышып, студенттерди окууларын ийгиликтүү аяктоолору менен куттуктап, сертификаттарды тапшырды. Ал эми студенттер, Ош МУ аларга татыктуу заманбап билим бергендигине өтө терең ыраазы экендиктерин билдиришип, эгерде мүмкүн болсо, бул жакта калып экинчи семестрде дагы окууларын улантууну каалап жатышкандыгын айтышты.

6. 19-февраль, 2018-жыл. Мобилдүүлүк боюнча окуп келген студенттер ректор менен жолугушту. Ректор Каныбек Абдуваситович, өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Абдыганы Осмонович 2017-2018-окуу жылынын 1 семестрин сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүк боюнча “Ош декларациясы”, Мевлана, Эразмус+ программалары, эки тараптуу келишимдердин негизинде чет өлкөлүк жана ата-мекендик ЖОЖдордо окуп келген студенттер-магистранттар менен жолугушуп, пикир алмашышты. Өткөн семестрде Ош МУда академиялык мобилдүүлүк жигердүү жана жемиштүү жүрдү. Анткени 256 студентибиз дүйнөнүн төрт бурчундагы атагы чыккан университеттерден билим алууга жетишишти. Алсак, биздикилер Турциядагы Желалбаяр университетине, Сулейман Демир университетине, Жумхурийет университетине, Ондокуз майыс университетине, Казакстандагы Нархоз университетине, Ак-Төбө аймактык университетине, Чехиянын Батыш чех университетине, Ирандагы Тегеран эл аралык унивеситетине, Япониядагы Цукуба университетине, Эл аралык япон тили жана маданияты институтуна, Түштүк Кореядагы Чонбук университетине, Пусан университетине, Сеул университетине, Кытайдагы Синьцзянь педагогикалык университетине, Ляонин педагогикалык университетине, Пекин чет тилдер университетине, Юннан педагогикалык университетине, Бишкек шаарындагы Бишкек гуманитардык университетине, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетине, Кыргыз-түрк “Манас” университетине, Жалал-Абад мамлекеттик университетине ж.б. барып окуп келишти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ректорубуз студенттерибизге тынымсыз өнүгүп жаткан Ош МУнун жетишкендиктери, шаарды көркүнө чыгарып салынып жаткан кооз имараттарыбыз туурасында айтып, дүйнө жүзүндө билим берүү тармагындагы эң негизги артыкчылыктардын бири болуп саналган академиялык мобилдүүлүк өнүгүп жаткандыгын, окуу жайыбыз дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине камыр-жумур аралашып, замандын агымы менен арышын арттырып жаткандыгын билдирип, төмөнкү маанилүү нерселерге токтолду:

- Ош МУнун студенттери келечекте үч тилде сүйлөй алыш керек.

- Ош МУда академиялык мобилдүүлүк эч кандай коррупциясыз, тааныш-билишсиз жүрүп жатат. Жөндөмдүү, активдүү, окууда алдыңкы студенттер башка университеттерге барып окуп келишүүдө.

- Келечекте Евро Биримдигине кирген өлкөлөрдөгү жана Индонезия, Сингапур, Малайзиядагы ЖОЖдор менен байланыштар түзүлүп, алакалар күчөйт.

- Мурунку Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн алдыңкы ЖОЖдорунун баары менен кызматташуу курчуйт.

- Ар бир адистикти аккредитациядан өткөрүү боюнча алгылыктуу иш-аракеттер жүрүп жатат.

- Ош МУнун 2018-2023-жж. карата өнүгүү концепциясы иштелип чыкты жана жакында бекитилет.

- Дүйнөлүк билим берүүдөгү жаңы моделге умтулуу, ааламдашуу жараянына аралашууга аракеттер болууда.

- Кытайдын дүйнөдөгү 500гө жакын Конфуций институттарынын арасынан Ош МУ биринчи орунга чыгып, алтын медалга татыктуу болду.

- Кытайдын эң алдыңкы Синхуа университетинин магистранты Ван Тао Ош МУнун докторантурасында окуп жүрөт. 

- Ош МУ дайыма жакшыга жанашат, дүйнөлүк глобалдашууга ылайыкташып жашайт.

- Академиялык мобилдүүлүк боюнча китеп чыгарылат, анда сыртка чыгып келген, Ош декларациясы боюнча алмашууларга катышкан студенттерибиздин башкаларга стимул берүүчү эсселери, интервьюлары чагылдырылат.

- Эгемендүү Кыргызстандын 26 жылдык тарыхында Ош МУ эң биринчи болуп “Даңк” ордени менен сыйланды. Бул коомчулуктун окуу жайбызга болгон эң чоң баасы жана ишеними.

- Ош МУ ар дайым жаңылануу, жакшыруу жолунда. Эскини оңдоп, жаңыны көбөйтүү үстүндө. Окуу корпустарыбыздын баары капиталдык ремонттордон өтүп, баарына пластикалык терезелер коюлууда. Бир жылда Ош МУда заманбап бардык шарты бар 26 ажааткана курулду. 

- Ош МУнун окутуучулары, студенттери башкаларга ар дайым позитив берип турат. Башкалардан негатив издебейт. 

- Аймактарды өнүктүрүү жылында Ош МУ бир топ барандуу иштерди аткаруу алдында турат. Кызыл-Кыя шаарына заманбап медициналык академия курулса, Өзгөн шаарына эл аралык заманбап медициналык колледж түшөт.

- Ош МУ чет жакка чыккан студенттердин коопсуздугуна ар дайым кам көрүп турат. Аларга жөнөтүлүү алдында консультациялык, маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ректор кайсы жакка барбасын, ошол жакта окуп жүргөн студенттерден кабар алып, ал-акыбалдарын сурап келет. 

- Заманбап билим жана мыкты адамгерчилик – Ош МУнун негизги принциби! 

Ректордун таасирлүү, таасын сөздөрүнөн кийин студенттер сырттан алган өзгөчө сезимдери менен бөлүшүштү жана чакан баяндамаларды жасашты. Андан соң иш-чара жыйынтыкталды.

Эскерте кетсек, академиялык мобилдүүлүк ректордун "10+10+10+10" стратегиялык өнүгүү долбоорунун негизинде жүргүзүлүп келүүдө.

7. 6-март, 2018-жыл. Ички мобилдүүлүк боюнча окуганы келген студенттер менен ректор жолугушту. Профессор Каныбек Абдуваситович 2017-2018-окуу жылынын 2-семестринде ички академиялык мобилдүүлүк боюнча “Ош декларациясы”, эки тараптуу келишимдердин негизинде ата-мекендик ЖОЖдордон Ош МУга окуганы келген студенттер менен жолугушуп, окуулары, жатаканадагы жашоолору, ал-акыбалдары тууралуу сурап, алдыда келе жаткан майрамдары менен куттуктап, пикир алмашты жана учурдагы Ош МУнун жетишкендиктерине, алдыдагы пландарына, Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүктү жүргүзүүнүн пайдалуу жактарына токтолду: 

“Ички мобилдүүлүктүн жардамында студенттер Кыргызстандын бардык булуң-бурчун көрүшөт, бири-бири менен таанышышат, жаңы досторду, жоро-жолдошторду, жада калса, өмүр бою бирге жашай турган жарын табышат, окуу жайларды салыштырышат, кабыл алган окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүшөт, тажрыйбаларын арттырышат, чыныгы студенттик бактылуу күндөрдү татышат”.

“Ош МУда көп тилдүү билим берүү, билим берүүнү интернационалдаштыруу процесси жигердүү жүрүүдө. Учурда 3 500гө жакын чет өлкөлүк жарандары окуп жатышат. Университеттин ар бир студенти жок дегенде эки чет тилин билүүсү абзел”.

“Группада башка окуу жайдан келген жок дегенде бир студент болсо, окутуучулар сабагына өзгөчө даярдыкта келишет”.

“Ош МУда жаңы корпустар тынымсыз курулуп, заманбап лабораториялар байма-бай ачылып жатат. Жакында университеттин шаардагы Түштүк-Чыгыш аймагына илимий шаарча түшөт”.

“Окуу жайда Кытайдан, Азия, Европа өнүктүрүү банктарынан ж.б. инвестиция тартуу мыкты жолго коюлган”.

“Университетте улуу, орто жана жаш муундун ортосунда 80 жылдан бери калыптанып калган салттар сакталат”.

“Бүгүнкү күнгө чейин Ош МУ 200 000ден ашуун бүтүрүүчү чыгарды. Алар ООН, НАТО сыяктуу эл аралык уюмдарда иштеп жатышат. ЖКнын 120 депутатынын көпчүлүгү Ош МУнун бүтүрүүчүсү”.

“Ош МУнун башкы принциби – Адамгерчилик + заманбап билим”.

“Алдыда Фергана өрөөнүндөгү ЖОЖдордун ассоциациясы түзүлүүсү пландалып жатат”.

“Жогорку ылдамдыктагы Интернетке туташкан 5000-6000 миң компьютер жеткиликтүү билим берүү системасын камсыз кылып берет”.

“Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында Ош МУда алгылыктуу иштер аткарылат. Кызыл-Кыя шаарына заманбап медициналык мектеп курулат, райондордо гимназиялар ачылат. Билимдүү балдарды Ош МУ өзү даярдап алууга жетишет”.

“Билимди экспорттоо эң жогорку орунда турат. Турция менен теология факультети, Америка менен бизнес жана менеджмент факультети, Кытай менен кыргыз-кытай факультети, Испания менен кыргыз-европа факультети ачылган. Келечекте 100 000 студентти чет өлкөлөрдөн тартуу планы бар. Негизги максат - эл аралык стандарттагы билим берүүгө жетишүү”.

“Ош МУ - мезгилдин деми, замандын агымы менен жүргөн, учур менен теӊ жарышкан, динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн окуу жай”.

“Интеграция, инновация, инвестиция жана интеллект программасынын негизинде 10+10+10+10 долбоорун ишке ашыруу. Бир учурда Ош МУнун студенттеринин 10%, окутуучуларынын 10% башка окуу жайларга чыкса, ошол эле учурда башка ЖОЖдордон 10% студент, 10% окутуучу Ош МУга келиш керек”.

“Ош МУ ачык саясатты жүргүзүү менен толук түрдө АВН автоматташтырылган билим берүү системасына өткөн. Ар бир студент тууралуу базасында кенен маалымат бар. Дата борбор университеттин бардык маалыматын сактап келе жатат, б.а., киберкоопсуздук мыкты жолго коюлган”.

“Ош МУнун профессорлорунун лекцияларына, мыкты окутуучуларынын сабактарына каалаган адам, каалаган студент кирип катыша алат. Эшик баары үчүн ачык”.
“Ар бир студент жумасына бир жолу көркөм чыгарма окуп, жан дүйнөсүн байытып, руханий жактан азыкта
нып турат”.

“Ош мамлекеттик университети соңку жылдары окуу-материалдык, илимий-өндүрүштүк, адистик базасын чыңдап, эл аралык байланыштары кулач жайып, улуттук жогорку окуу жайлардын ичинен алдыга суурулуп чыкты”.

Ректордун билдирүүсүнөн кийин кезек студенттердин баяндамаларына берилди. Ар бир окуу жайдан бирден студент “Ош МУдан алган таасирлер” деген темада кыскача сүйлөп берди. Жолугушуунун кийинки этабы суроо-жооптор менен коштолду. “Заманбап бүтүрүүчү кандай сапаттарга ээ болуусу керек?” деген кызыктуу суроого ректор: “Ал эң башкысы уюштуруучулук, чыгармачылык жана адамгерчилик сапаттарына ээ болуусу зарыл”, - деп жооп берди. Жыйынды Ош МУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору А.О. Абдувалиев жыйынтыктап, татыктуу билим алууга карата Ош МУда бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгилеп, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады жана келечекте магистратураны Ош МУда окууга чакырды.

Эскерте кетсек, бул семестрде Ош МУда Кыргызстандын бардык областарындагы жана борбор шаарыбыз Бишкектеги окуу жайлардын студенттери окуп жатышат. Алсак, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен – 2, Нарын мамлекеттик университетинен – 3, Баткен мамлекеттик университетинен – 7, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен – 9, Талас мамлекеттик университетинен – 2, Ош гуманитардык педагогикалык институтунан – 4, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен – 2, Кыргыз-Орус “Славян” университетинен – 3, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен – 2 студент, жалпы – 34 студент орошон билим уясы болгон Ош МУга келишти. Муну ички мобилдүүлүктүн жашоосундагы алгачкы ирет болуп жаткан, тарыхый маанилүү окуя катары саноого болот.

8. 19-апрель, 2018-жыл. Академиялык мобилдүүлүктүн алгачкы жыйын-терини башталды. Талас мамлекеттик университетинен Ош МУнун математика жана информациялык технологиялар факультетине Ош декларациясынын алкагында ички мобилдүүлүк боюнча келип жазгы семестрди окуган 3-курстун студенттери Эрмек кызы Айганыш менен Жаныбаева Салтанат сессияларын ийгиликтүү тапшырышып өз мекендерине кайтып жатышат. Конок студенттерибизди кепке тартканда алар төмөнкүлөрдү кыскача билдиришти:

1) Ош МУ бизге абдан жакты. Окутуучулар копетенттүү, заманбап окутуу методдорун пайдаланышат. Сабактарды жеткиликтүү, түшүнүктүү өтүшөт.

2) Ош МУда студенттердин билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир окуу каанасы Интернетке туташтырылган интерактивдүү доскалар менен жабдылган. Китепкана фондунан каалаган китебиңди таба аласың.

3) Студенттер жөнөкөйлүгү, меймандостугу менен өзгөчөлөнүп турду. Алар менен тил табышуу биз үчүн женил болду.

4) Шарты бар шаңдуу жатаканада акысыз жашадык. Көптөгөн досторду таптык.

5) Таластык студенттерге мобилдүүлүктү сунуштайбыз. Кайра келебиз, кийинкисинде көбүрөөк болуп келүүнү пландап жатабыз. Ош шаары менен Ош МУ бизге өзгөчө жакты. 

6) Ош МУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Академиялык мобилдүүлүк өркүндөй берүүсүнө тилектешпиз. Бул жакта өткөргөн күндөрүбүздү эч качан унутпайбыз. Эскертүү: бул студенттерибиз практикасын өз окуу жайларында өтүп койгондуктан, сессия эрте уюштурулду. Тайпалаштары практикадан майдын ортосунда кайтышат.

9. 24-апрель, 2018-жыл. Ош МУда окутуучулардын алмашуусу жемиштүү жүрүүдө. Ош декларациясын реализациялоонун рамкасында, эки университеттин ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин негизинде академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча Нарын мамлекеттик университетинин педагогика жана окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, пед.и.д. Сияев Таштанбек Монолдорович, доценти пед.и.к., Касымова Гүлжамал Абдиловна, педагогика магистры Асанкулова Назира Көчөровналар Ош МУга тажрыйба алмашуу жана конок лекцияларды окуу үчүн келишти жана проректор Расул Абазбек уулунун кабыл алуусунда болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө агай акыл оошуп, билим жугуша тургандыгын, окутуучулардын алмашуусу билим берүү мейкиндигинде биргеликте өнүгүүгө шарт түзүүсүн, университет конок лекторлорду кабыл алууга жана ЖОЖдор арасындагы ымаланы өнүктүрүүгө ар дайым даяр экендигин айтты. Ал эми НМУнун өкүлдөрү Ош МУ аларды жылуу тосуп алып, бардык шарты бар мыкты бөлмөлөрдөн орун берип, тамак-аш менен камсыз кылып жаткандыгы үчүн жетекчиликке жана декан Бакыт Бакасовичке терең ыраазычылык билдиришти. 

Нарындык окутуучуларыбыз бир жума бою педагогика жана дене тарбия факультетинде лекция окуп, сабактарга катышып, окуу процесси, пландары, тийиштүү документтер ж.б. менен таанышып, тажрыйба алмашышат.

10. 27-апрель, 2018-жыл. Студенттерден кабар алуу - чоң сооп иш. Ош декларациясын реализациялоонун рамкасында ички академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча Нарын мамлекеттик университетинен келген конок окутуучуларыбыз, профессор Сияев Таштанбек Монолдорович, доцент Касымова Гүлжамал Абдиловна, магистр Асанкулова Назира Көчөровналар нарындык студенттер: Жолчиев Элдияр, Бейшебаева Нурзада, Бактыбек кызы Айдай менен жолугушуп, ысык-саламдарын айтышып, алардын ал-акыбалдарын сурап, Оштон, Ош МУдан алган таасирлери туурасында пикир алмашышты. Студенттерибиз төмөнкүлөрдү айтып беришти:

- Шаар жана Ош МУнун окуу кааналары абдан таза жана кооз. Таң эрте көчөлөр шыпырылат экен.

- Базарларда арзанчылык (кийим, тамак-аш, техникалык каражаттар ж.б.), түштүк эли жана студенттер абдан сылык, адамгерчиликтүү, соодагерлер жылуу сүйлөп кардарларды өздөрүнө тартып турат.

- Мугалимдер теория менен практиканы айкалыштырып, жандуу сабак өтүшөт. Аудиторияларда интерактивдүү доскалар коюлган, окуу залдарда, китепканаларда жакшы шарттар түзүлгөн.

- Сабактар Баллон системасы аркылуу эң мыкты өтүлөт. Модулдан тышкары, учурдагы, аралык текшерүүлөрдү тапшырабыз.

- Көптөгөн досторду, санаалаштарды, сүйүктүү агай-эжейлерди таптык.

- Плов жасап жегенди үйрөндүк. Биздин эт бул жактын этинен бир аз таттуудай туюлду.

- Кыздардын калыңы арзан деп уктук ж.б.

Жолугушуунун соңунда студенттер агай-эжейлерине кабар алгандыктары үчүн рахмат айтышып, ата-энелерин, эли-жерлерин абдан сагынгандыктарын билдиришти. 

Белгилей кетүүчү жагдай, профессор Сияев Таштанбек Монолдорович педагогика жана дене тарбия факультетинин изденүүчүсү Улан Орунбаевдин кандидаттык ишинин талкуусунда төрагалык кылып, факультеттеги илим-билимдин өнүгүшүнө бир аз да болсо салымын кошту.

11. 12-май, 2018-жыл. Ош МУда “Ош МУга саякат” экскурсиясы уюштурулду. Ош декларациясы жана эки тараптуу кызматташуу боюнча келишимдердин негизинде ички мобилдүүлүк боюнча Ысык-Көл, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен мамлекеттик университеттеринен, Ош гуманитардык педагогикалык институтунан жана Кыргыз-Түрк Манас университетинен, Кыргыз-Орус Славян университетинен, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинен келип бир семестр окуп жаткан 34 студентке “Ош МУга саякат” аттуу экскурсия уюштурулду. Саякаттын маршурут схемасы төмөнкүчө болду:

1. Кыргыз-европа факультети, илимий китепкана, дата борбор жана робот сканер тааныштырылды.

2. Математика жана информациялык технологиялар факультети жана музей көрсөтүлдү.

3. Искусство факультетинде кыргыздын Леонардо да Винчисинин сүрөт галереясын жана ырдын пири болгон Ырыспай Абдыкадыровдун музейи демонстрацияланды. Декандын тарбия иштери боюнча орун басары Дамир мырза факультет, анын багыттары туурасында кыска маалымат берди.

4. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде дагы декандын орун басары Рахат Жумабаевна тосуп алып, факультет, мындагы адистиктер ж.б. жөнүндө айтып берип, синхрондук котормо лабораториясы менен тааныштырды. Студенттерге ал абдан жакты. 

5. Бизнес жана менеджмент факультетинде кафедра башчы э.и.к., доц. Таалай уулу Тариел мырза кабыл алып, факультеттин багыттары, учурдагы ачык акционердик коомдор, ишканалар талап кылып жаткан керектүү адистер мында даярдалып жаткандыгын маалымдады.

6. Стоматологиялык клиниканы окутуучу Арстанбеков Сабыр кенен презентациялап, студенттердин айрымдарынын тиштерин рентгенге тартып көрсөтүп берди. Мындагы маалыматтар студенттер үчүн абдан кызыктуу болду. 

7. Кийинки кезек кыргыз-кытай факультетине келди. Мында кытай тили боюнча окутуучу Эрлан мырза студенттерди өзү коштоп жүрүп, факультеттин көзгө басар жерлери менен тааныштырып чыкты. Студенттерибиз анык Кытайга барып калгандай болдук деп айтышты. Ошондой эле бул жерде коноктор искусство жана эл аралык мамилелер факультетинин жаңы салынган, кишинин көз жоосун алган кооз имаратын көрүштү.

8. “Кафсар” кафесинде тамшандырган түшкү тамактан даам сызышты.

9. Ош МУнун кезектеги кербени Түштүк-чыгыш кичи районундагы кампуста уланды. Медицина жана эл аралык медицина факультеттери жана медициналык клиниканын заманбап инфраструктурасы тартууланды. Жакыпов Эрнис мырза фармакологиялык лаборатория жана дары чөптөр менен тааныштырып, факультеттин мүмкүнчүлүктөрү туурасында ой бөлүштү. Мында студенттерибизди өзгөчө туйгулар менен таасирлер дайыма коштоп жүрдү. 

10. Теология, табият таануу жана география факультеттери менен таанышуу студенттерде курч сезимдерди пайда кылды. ТТГФда көптөгөн илимдин докторлору, профессорлор сабак бере тургандыгы, теологиянын студенттери бир жыл окуусун Турцияда окуп келүүсү спецификалык жагымдуу кабар катары кабыл алынды.

11. Орус жана кыргыз филологиясы, педагогика жана дене тарбия факультеттери дагы экскурсиянын көз жаздымында калган жок. Аларды көрүп, таанышууну конок студенттерибиз чыдамсыздык менен күтүштү. Декан Эрлан Токтоназарович студенттерди жылуу кабыл алып, ректор Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен ишке ашып жаткан ички мобилдүүлүктүн негизги маңызы түндүк-түштүк маселесин жоюу жана окуу жайлардын ички алакасын, достук мамилесин чыңдоо экендигине басым жасады. 

12. Саякаттын акыркы аялдамасы тарых жана юридика факультеттери болду. Кыргыз элинин көрүнүктүү, чыгаан уулдары, белгилүү коомдук ишмерлер жана тарыхый инсандар Исхак Раззаков менен Чыңгыз Айтматовдун макетинин жанында сүрөткө түшүү мейман студенттерди эсте каларлык көз ирмемдерге бөлөп, бакытка балкытты. 

Иш-чаранын соңунда студенттер бүгүнкү көргөн-билгендерин өз окуу жайларына, досторуна, курсташтарына айтып бара тургандыктарын, жашоолорундагы эң кызыктуу жана эң таттуу, унутулгус көз ирмемдер Ош МУда өтүп жаткандыктарын билдиришип, бул окуу жайга которулуп келүүгө абдан кызыктар экендиктерин айтышты.
Чакан экскурсиялык турду уюштурууга моралдык жана материалдык жардам көрсөткөндүктөрү үчүн ректор К.А. Исаковго жана проректор А.О. Абдувалиевге эл аралык байланыштар бөлүмүнүн атынан терең ыраазычылык билдирилет.

12. 24-май, 2018-жыл. ЫМУда окуп келген Ош МУнун студенттери feedback жасашты. Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде Ош декларациясынын алкагындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп келген студенттер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Жыйынга окутуучулар, студенттер катышышты. Жолугушууну декандын орун басары доцент Мапаева Нуржамал Абдиллажановна ачып берди. Ал эми эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы С.М. Амиралиев уюштурулган иш-чара маалымат берүүчү мыкты саамалык экендигин белгилеп, аудиторияга бүгүнкү күндөгү академиялык алмашуулардын кенен мүмкүнчүлүктөрү, маанилүүлүгү, натыйжалары туурасында айтып берди. 2017-2018-окуу жылдын жазгы семестрин Ысык-Көлдө ийгиликтүү окуп келген студенттер: Айбашов Маратали менен Мавланов Абдулманоф ал жактагы окуулары ийгиликтүү болгондугун жана окуудан тышкаркы мезгилдерде ар кандай конкурстарга, илимий, маданий-массалык иш-чараларга катышып, сармерден уюштурушуп, Ош МУнун туусун бийикке желбиретип, көптөгөн дипломдор менен грамоталарды алып келишкендиктерин маалымдашты.

Бүгүнкү feedbackти уюштургандыгы үчүн факультеттин эл аралык байланыштар боюнча координатору Абдиева Чынара эжекеге терең ыраазычылык билдирилет.

13. 25-май, 2018-жыл. “Ош МУ башка ЖОЖдордун студенттеринин көзү менен”. Ош мамлекеттик университетине Ош декларациясынын жана эки тараптуу келишимдердин алкагындагы ички мобилдүүлүк программасынын негизинде келип окуп жаткан студенттер камера алдында ой бөлүшүштү. Алар флагман окуу жайдан алган таасирлери, көз караштары, көңүлдө түбөлүктүү из калтырган кайталангыс сезимдери туурасында айтып беришти. Конок студенттер өз сөздөрүндө Ош МУнун заманбап инфраструктурасы, сапаттуу билим берүүгө ыктаган дүйнөлүк тажрыйбасы, автоматташтырылган окуу системасы, инсанды руханий жактан өнүктүрүүчү маданий-массалык, тарбиялык иш-чаралары, гуманизмди туу туткан жетекчилик жана профессионал окутуучулар жамааты, жылуу жүздүү, жароокер, жайдары студенттери абдан таң калтыргандыгын жана бул мобилдүүлүктүн жардамында билимдерин байытып, тажрыйба алмашып, көптөгөн досторду табышып, меймандос Ош шаарынын, Түштүктүн кооз жерлерин көрүүгө, элинин маданияты, менталитети, жашоо образы менен таанышууга жетишкендиктерин билдиришти. Ошондой эле мобилдүүлүк программасын мындан ары да күчөтүп, жайылтуу зарыл экендигин айтышып, бул туурасында өздөрүнүн окуу жайларына, жакындарына, досторуна, тайпалаштарына жеткирип бара тургандыктарын убадалашты.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2017-2018-окуу жылынын жазгы семестринде Кыргызстандын ондон ашуун окуу жайынан (алгачкы жолу бардык областардагы окуу жайлардан) 40ка жакын студент ички алмашуу программасы боюнча окуганы келишти. Ректор Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен алардын баарына жатаканалардан акысыз орундуктар берилип, өзгөчө кам көрүлдү. 

“Ош МУ башка университеттерден келген студенттердин көзү менен” видео материалын сиздер жакында теледен жана соцтармактардан көрө аласыздар. Аны, тартып, монтаждап, даярдап жаткан “Үмүт” студиясына, директору Токтогул мырзага терең ыраазычылыктар болсун.

International students
Photo gallery
Videos
Сongratulations
The Osh declaration