Step into your success...
Success begins at OshSU!

International relations office

Projects-Partners

Студенттердин ош му туурасында пикирлери жана андан алган таасирлери

I. 2016-2017-окуу жылы, жазгы семестр.

                                                             

1. Абдысатарова Зуура являюсь студенткой 2 курса Иссык-Кульского государственного университета. На данный момент учусь на факультете естествознания и географии ОшГУ по специальности туризм в рамках программы внутренней академической мобильности. Мне понравился университет, в частности методика обучения преподавателей, а также дружелюбные студенты, которые тепло нас приняли. Обучение на Ошской земле запомнится мне надолго. Я советую и другим студентам посетить ОшГУ. ОшГУ – качественное образование, достойное воспитание!

2 Нурай Аалыканова Нарын мамлекеттик университетинде 3-курста окуйм. Ош МУга алмашуу программсынын негизинде келип, бизнес жана менеджмент факультетинде билим алып жаткан учурум. Академиялык алмашуу программасынын мен үчүн болгон чоң пайдасы окутуучулардын студенттерге өз методикасын колдонуп, мотивация берип, сабак өтүүсү, ошондой эле биз жаңы келгенде студенттердин, мугалимдердин жылуу кабыл алуусу болду. Учурдан пайдаланып, окутуучуларга, жаңы досторубузга ыраазычылык билдирип кетет элем жана башка досторума да Ош декларациясынын алкагында башка областтарга барып окуп келүүнү сунуштайм. Ош МУда өткөргөн шаңдуу күндөрүм жүрөгүмдө түбөлүк сакталып калат. Ош МУ – келечекке карай жол!

3. Бекешова Наргиза Жалал-Абад мамлекеттик университетинен келдим. Ош МУнун медицина факультетинин фармация адистигинде Ош декларациясынын алкагында окуп жатам. Ош МУ – эң алдыңкы мамлекеттик университеттердин бири болуп саналат. Татыктуу билим берүү жаатында студенттерге күчтүү талаптар коюлган. Ошондой эле мыкты адис болуп чыгууга бардык шарттар түзүлгөн. Ош МУ - жаштыктын деми, билимдин кени!

4. Кошокова Динара Баткен мамлекеттик университетинен академиялык алмашуу программасы боюнча Ош мамлекеттик университетине келдим. Азыркы учурда дене тарбия жана педагогика  факультетинде окуп жатам. Бул жерде билим берүү сапаты жогору даражада, мугалимдер да өтө компетенттүү. Эң башкысы, ош эли абдан меймандос экен. Мен өткөн семестрде дагы келген болчумун, аябай жактырып калып, экинчи ирет келип олтурам. Бар бол, алга Ош МУ!

5. Курманбеков Алтынбек Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых жана туризм факультетинин студенти болом. Азыркы учурда Ош МУнун табият таануу жана география факультетинин 2-курсунда окуп жатам. Бул жакка келип, көптөгөн досторду таптым. Мен туризм адистигинде окуганыма байланыштуу Кыргызстандагы табигый ресурстарды өнүктүрүүгө кызыктармын. Ош МУ мага кругозорумду кеңейтүүгө жардам берди. Өз кесибин мыкты билген мугалимдер талыкпай сапаттуу билим берип, окутуп жатышат. Ош МУ – Кыргызстандагы эң мыкты университеттердин бири!

6. Эсентур кызы Аида Нарын мамлекеттик университетинин 3-курсунда окуймун. Ош МУга академиялык алмашуу программасы боюнча келип билим алып жатам. Ош МУнун окутуучулары абдан мыкты жана студенттери да абдан меймандос. Ош МУ – изденүү, ишеним, ийгилик!

7. Кумарова Зуурахан Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти болом. Ош МУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин педагогика адистигинде окуп жатам. Негизинен, Ош МУ менен биздин университетибиздин айырмачылыктары бар. Ош МУда жаңы технологиялар колдонулуп, студенттер үчүн окууга карата мыкты шарттарды түзүп беришкен. Ушул ички мобилдүүлүк боюнча окуп жатканыма Ош МУнун жалпы жамаатына ыраазычылыгымды билдирем.

 

II. 2017-2018-окуу жылы, күзгү семестр.

 

         1. Нажимидин кызы Гулмира - Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти.

“Ош МУнун табият таануу жана география факультетине ички мобилдүүлүк боюнча келип кошулдум. Бул жерде мен көптөгөн досторду таптым жана агай-эжекелер менен тааныштым. Университеттин окутуу методдору башкача, автоматташтырылган түрдө экен. Окутуучулар өзгөчө ыкмаларды колдонуп сабак өтүшөт. Академиялык мобилдүүлүк аябай жакшы программа экен. Мен дагы студенттерге анын жардамында Кыргызстандын көптөгөн жерлерине барып, окуп келүүнү сунуштайм”.

2. Шаршембай кызы Назгүл, Таштанбекова Динара, Нурдинова Захира - Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенттери.

“Биз ТалМУдан ички мобилдүүлүк боюнча Ош МУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине келип, кыргыз тили жана адабияты адистигинин жана педагогика жана дене тарбия факультетинин 3-курсунда окуп жатабыз. Биздин Ош МУга келүүдөгү позициябыз бир гана билим алуу эмес, ордолуу Ош шаары, анын элинин маданияты менен таанышуу, досторду арттыруу болуп саналат. Ошто окуп жаткандыгыбызга аябай кубанабыз. Биз Ош МУнун окутуучулук жамаатына, өзгөчө ректор агайыбыз К. Исаковго ыраазычылык билдиребиз. Ош МУнун студенттеринин саны биздин окуу жайга караганда бир топ көп экен. Мобилдүүлүк программасынан пайдаланууга бардык досторубузду чакырып кетебиз. Жатаканада мыкты шарты бар бөлмөлөрдө жашап жатабыз. 

3. Жунусали к Нурзада - Баткен мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти.

“Ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош МУнун табият таануу жана география факультетинин 2-курсуна келдим. Бул жердин педагогикалык составы абдан жакты, алардын сабак өтүү методдору, окуу процессинин жүрүшү башкача экен. Эң башкысы башка чөйрөгө, башка элдерге аралашып кетүү кыйынбы же оңойбу ошону сынап көргүм келди. Мен окуган тайпа абдан ынтымактуу, уюшумдуу. Бул проектке окуу жайыбыздагы кулактандыруу аркылуу катышып калдым. Өзгөгчө ыраазычылыкты ички мобилдүүлүк программасын демилгелеген ректор К. Исаковго жана келгенимен бери мени колдоп келе жаткан агай Полотов Ибрагимге билдирем”.

4. Аманкожоева Салтанат, Азиз кызы Бекайым, Жолдубаева Бактыгүл, Шаршебаева Айнура – Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенттери.

“Түштүктүн элин, жерин, маданиятын көрүп келүү максатында бул жакка 1 семестр окуганы келгенбиз. Сабакты профессор агай-эжейлер өтүп жатышат. Магистратурабызды ушул жакта окууну пландоодобуз. Ар кандай иш-чараларга катышып жатабыз. Туризм боюнча өткөрүлгөн конкурска катышып, 2-орунду алдык. Ректор К. Исаковго ыраазычылык билдиребиз. Мобилдүүлүк болбогондо Ош шаарын көрүү кыйын болсо керек деп ойлойбуз. Анткени бизден алыс. Конок студенттердин окуусуна өзгөчө көңүл бурушуп, мугалимдер көмөктөшүп турушат. Жатаканаларда акысыз жашап, профлокториянын кызматынан дагы пайдаландык, аябай жакты.

5. Акжол кызы Гүлзара, Имарова Айзирек - Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенттери.

“Биз Кызыл-Кыя педагогикалык институтунан келип окуп жатабыз. Ош МУ аябай жакты. Окутуу технологиясында айырмачылыктар бар. Мугалимдердин студенттерге болгон жылуу мамилеси, чыгармачылык менен сабак өтүүлөрү бизди кубандырды. Кураторлорубуз бизге бул жакка келип окуп кетүүбүздү сунушташкан. Мугалимдер аябай тажрыйбалуу экен. Досторубуз көбөйдү. Башка студенттерге дагы ички мобилдүүлүк боюнча Ош МУга келип окуп, татыктуу билим алып кетүүнү сунуштайбыз”.

6. Сыдыкова Кызсайкал - Баткен мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти.

“Ош МУга ички мобилдүүлүк боюнча окууга келгем. Бул жакта окуу аябай жакшы экен, өз көзүм менен көрүп күбө болдум. Көптөгөн досторду таптым. Кыйналган кезде алар мага жардам беришти. Ички мобилдүүлүк боюнча ар кандай университеттерге анын ичинде Ош МУга келип окуп кетүүнү башкаларга дагы сунуштайм. Анткени, мен табият таануу жана география факультетине келип, өзүмө көптөгөн жакшы нерселерди ала алдым. Мындан дагы бийик жетишкендиктерге жетишем деген ойдомун”.

 

III. 2017-2018-окуу жылы, жазгы семестр.

 

1. Жолочиев Элдияр, Бейшебаева Нурзада, Бактыбек к. Айдай. НМУ. 1-курс. Ош МУнун искусство факультети.

- Жашоо шартыбыз мыкты. Жатаканада акысыз турабыз. Ал жерде бардык керектүү шарттарды түзүп беришкен, эч кандай көйгөй жок. Буюрса, баары жакшы. Нарындагы досторубузга Ош МУнун жакшы жактарын айтып барабыз. Алар дагы келерки семестрде келүүгө кызыгып жатышат. Негизинен, ал жакта маалыматтык түшүндүрмө иштерин жүргүзүшсө, катышуучулардын саны көбөйүп, бир топ студенттер ОшМУга келип билим алып, Ош шаарын көрүп кетмек. Жети областын баарынан келген улан-кыздар менен таанышып, достоштук. Университетте окутуучулар сабакты мыкты өтүшөт жана Оштун эли меймандос келишет экен.  

2. Ибайдуллаева Курсанай. ОГПИ. 2-курс. Ош МУнун дүйнөлүк тилдер факультети.

- Негизинен, бул университеттин студенттери аракетчил өздөрүнүн койгон максатына жетүүгө умтулган оптимист жандар экен. Мугалимдердин студенттерге талапты аябай жакшы күчтүү койгондугу мага жакты. Башка университеттин студенттерине, досторума дагы ушул ички мобилдүүлүктү сунуштаймын. Себеби башка окуу жайга барганда адам өсөт экен. Ош декларациясын түзүп, ички мобилдүүлүктү жолго койгон ОшМУга жана бул жерде мага билим берген эжеке-агайларга ыраазычылык билдирип кетем.

3. Абдималик к. Алтынай. БатМУ. 2-курс. Ош МУнун дүйнөлүк тилдер факультети.

- Ош МУда мага окутуу методикасы жана достордун жылуу  мамилеси жаккандыгы үчүн экинчи жолу келип олтурам. Менден кийинки досторум дагы келип, ушул факультеттен татыктуу билим алып кетүүсүнө тилектешмин.

4. Абдумомунова Айданур. ЖАМУ. 4-курс. Ош МУнун медицина факультети.

- Здравствуйте уважаемые студенты, я приехала в ОшГУ по программе академической мобильности в рамках Ошской декларации. Я бы хотела всем посоветовать эту программу, так как является эта программа очень хорошей и полезной для того, чтобы приобрести друзей, увидеть и побывать в других городах, других красивых местах и других престижных университетах, узнать об их  методах обучения, а также усовершенствовать себя как личность. Я выражаю огромную благодарность ректору Каныбеку Абдуваситовичу за то, что предоставил нам такую возможность, благодаря которой мы смогли осушествить свою  мечту, подружиться со многими студентами.

5. Эрмек кызы Айканыш, Жаныбаева Салтанат. ТалМУ. 3-курс. Ош МУнун математика жана информациялык технологиялык факультети.

- Ош МУ бизге абдан жакты. Окутуучулар компетенттүү, заманбап окутуу методдорун пайдаланышат. Сабактарды жеткиликтүү, түшүнүктүү өтүшөт. Студенттердин билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир окуу каанасы Интернетке туташтырылган интерактивдүү доскалар менен жабдылган. Китепкана фондунан каалаган китебиңди таба аласың. Студенттер жөнөкөйлүгү, меймандостугу менен өзгөчөлөнүп турду. Алар менен тил табышуу биз үчүн женил болду. Шарты бар шаңдуу жатаканада акысыз жашадык. Көптөгөн досторду таптык. Таластык студенттерге мобилдүүлүктү сунуштайбыз. Кайра келебиз, кийинкисинде көбүрөөк болуп келүүнү пландап жатабыз. Ош шаары менен Ош МУ бизге өзгөчө жакты. Ош МУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиребиз. Академиялык мобилдүүлүк өркүндөй берүүсүнө тилектешпиз. Бул жакта өткөргөн күндөрүбүздү эч качан унутпайбыз.

6. Момунали к. Күмүшай. ЖАМУ. 2-курс. Ош МУнун бизнес жана менеджмент факультети.

- Бул жакта бир канча досторду арттырдым. Окутуу методдору өзгөчө экен. Мугалимдер күчтүү. Ош МУнун жамаатына жана ректоруна ыраазычылык билдирем. Башка студенттерге да ички мобилдүүлүк  боюнча Ош МУга келип окуп кетүүнү сунуштайм. Анткени адам башка окуу жайга чыкканда кругозору өсөт турбайбы. Ички мобилдүүлүктүн келечеги кең экендигине ишенем.

7. Акжол к. Гүлзара. БатМУ. 2-курс. Ош МУнун педагогика жана дене тарбия факультети.

- Мен Ош МУга келгенимдин себеби билимимди жогорулатып, досторду арттыруу. Бул жактагы мугалимдер студенттер менен кеңири пикир алмашышат экен. Биз келгенде группалаштарыбыз жакшы тосуп алышты. Мугалимдер дагы сый-урмат мамиле көрсөтүштү. Мен экинчи ирет келип олтурам. Сабактар интерактивдүү доскалар менен өтүлүп, компьютерлер жетиштүү тура. Китепканадан каалаган китебиңди таба аласың. Ар кандай иш-чаралар, конкурстар байма-бай өткөрүлүп турат. Амиралиев Семетей агай бизге Ош МУ тууралуу маалымат берип, бардык факультеттерди көрсөтүп чыкты. Ош МУнун ректоруна жана бардык жамаатына ыраазычылык билдирем.   

8. Өмар к. Зуура. ОГПИ. 1-курс. Ош МУнун дүйнөлүк тилдер факультети.

- ОшМУ мага жакшы таасир калтырды. Көп нерселерди үйрөнүп, билип, жакшы досторду таба алдым. Башка досторума дагы бул жакка келип, билимдерин өркүндөтүп кетүүнү сунуштаймын жана ушундай мыкты шарттар барында келип окуп кеткиле демекчимин. Алардын пайдалуу, керектүү нерселерди ОшМУдан алуусуна бекем ишенем. Учурдан пайдаланып, мага сабак берген ушул жердеги бардык агай-эжейлерге, устаттарыма айрыкча Аширалиев Нияз агайга татыктуу билим бергендиги, тайпалаштарыма мени өздөрүнүн катарына кошуп, колдоо көрсөтүп, дайыма жардам берип тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Мен сиздерди жана мындагы окуумду эч качан унутпаймын.       

9. Канатбекова Бермет, Аскарова Алина. ЫМУ. 1-курс. Ош МУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультети.

- Ош МУга баштап келгенде эле позитивдүү көз карашта болдук. Ош абдан таза, элдери адамгерчиликтүү жөнөкөй шаар экендигине ынандык. Ош МУнун эң негизги максаты заманбап билим жана бийик адамгерчилик экендигин билдик. Окутуучулар эң сонун сабактарды өтүп беришти, алардын окутуу ыкмалары таасирдүү, жугумдуу, студенттер активдүү экен. Учурдан пайдаланып КЛ-1-17 тайпасынын куратору Камардинова Уялханга ыраазычылык билдиребиз. Ал бизди жылуу тосуп алып, сабактарда кыйынчылыктар болгон учурда жардам берди. Ош МУнун студенттерин дагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине чакырып кетебиз.

10. Таштан к. Айкөл. БатМУ. 2-курс. Ош МУнун педагогика жана дене тарбия факультети.

- Биз бул жакка келгенде студенттер менен мугалимдер жакшы тосуп алышты. Ош МУда сабактар дагы жакшы өтүлөт экен. Мугалимдердин да, студенттердин да адамгерчиликтүүлүгү, гумандуулугу менде өзгөчө таасир калтырды. Биз келгенде ректор К. Исаков менен жолугуштук. Агай адамдык асыл сапаттарды жогору туткан адам экендигин байкадык. Өз сөзүндө ал канчалык билим алба, анын башкаларга пайдасы тийбесе, кереги жоктугун белгиледи. Бул ойду бизге педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы дагы айтты. Ош МУнун жамааты, студенттери ректор тууралуу жылуу пикирде. Анын университеттин өнүгүүсү үчүн аткарып жаткан ат көтөргүс эмгектерин баалашса керек. Андыктан бул окуу жайдын келечеги кең деп ойлойм. Иштеген иштерине ийгиликтерди каалайм.

11. Асанова Эркинай. ЖАМУ. 3-курс. Ош МУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультети.

- Ош МУга келгенимдеги эң чоң таасирлердин бири дос табуу болду. Ошто мен 20-жазымды тостум. Аз болсо да Ош МУнун студенти катары жашадым. Профессордук-окутуучулук курамдын өткөн лекциялары жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алды. Алсак, Жаанбай Элчиев менен Сатканбай Момуналиевдин сабактарында башкача сезимдерге ээ болдум. Ош МУнун билим лицейинде практикамды өтөдүм. Ал эми 15 күндүк фольклордук практикада Чоң-Алай районундагы Жарбашы айылында болдум.

International students
Photo gallery
Videos
Сongratulations
The Osh declaration