ОшМУнун окутуучусу КМШнын мыкты жаш илимпозу аталды

2024-01-12 14:42:58 10

Чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Амиралиев Семетей Манасович Казакстандын Астана шаарындагы "Бобек" жалпы улуттук ассоциациясы КМШ окуу жайларынын жаш илимий кызматкерлеринин ортосунда өткөргөн  конкурста "Мыкты жаш илимпоз – 2023" наамына татыктуу болуп, 1-даражадагы диплом жана медаль менен сыйланды. 

Тышкы иштер боюнча проректор, доцент К.Ш. Аттокуров кесиптешин ийгиликтери менен куттуктап, сыйлыктарын салтанаттуу түрдө тапшырып, чыгармачылык эргүүлөрдү каалады. 

"Бобек" бирикмеси конкурстун алкагында даярдаган VIII эл аралык китеп басылмасында жаш окумуштуулардын макалалары жарыяланды. Алардын арасында С.М. Амиралиевдин илимий макаласы дагы бар. 

ОшМУнун окутуучусу түркмөнстандык, өзбекстандык, казакстандык кесиптештери менен катар бул конкурска Кыргызстандан жалгыз өзү катышкан. 

Эсиңиздерге сала кетсек, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин илимий-билим берүү мекемелеринде эмгектенген кызматкерлердин арасында жыл сайын өтүүчү "Мыкты жаш илимпоз" эл аралык конкурсу 18-декабрда Астана шаарында жыйынтыкталган.