2025-03-25 17:24:23 5
Чет тилдер борборунун директору С.М. Амиралиев Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун студенттерине “Академиялык мобилдүүлүк – студенттердин руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүнүн куралы катары” деген темада 12-13- февраль күндөрү презентация жасап берди. Жыйынга 100дөн ашуун студент катышып, башка ЖОЖдо тажрыйба алмашуу жаатында пайдалуу маалыматтарды алышты. Аларга академиялык мобилдүүлүк деген эмне экендиги түшүндүрүлүп, учурда тышкы окуу жайларга барып билим алып келүүгө карата кандай мүмкүнчүлүктөр бар, кандай документтер керек болот, жатакана маселеси кантип чечилет ж.б. түйүндүү суроолор боюнча кенен маалымат берилди.