2025-жылдын 14-апрелинде Ош мамлекеттик университетине Түркиянын Нежметтин
Эрбакан университетинин ректору, профессор Жем Зорлу баштаган делегация
расмий сапар менен келди. Бул визиттин негизги максаты – эки жогорку окуу
жайдын ортосунда академиялык жана илимий кызматташтыкты тереңдетүүнүн
жолдорун талкуулоо болду.
Сапардын алкагында эки университеттин ортосунда кызматташуу тууралуу эки
тараптуу келишимге кол коюлду. Келишим академиялык алмашуу, биргелешкен
илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттер жана окутуучулар менен алмашуу
сыяктуу багыттарды өнүктүрүүгө багытталган. Бул келишим Кыргызстан менен
Түркиянын ортосунда билим берүү, илим жана маданий алакаларды кеңейтүүдө
жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Бул визит ОшМУнун эл аралык байланыштарын чыңдоодо жана студенттер менен
окутуучулар үчүн билим берүү мейкиндигин кеңейтүү багытындагы дагы бир
маанилүү кадамы болду.