Окуу процессин пландаштыруу жана эл аралык кызматташтык багытындагы иштерди координациялоо маселелерине арналган пландуу жумушчу жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга тышкы байланыштар боюнча проректор К. Ш. Аттокуров, Академиялык өнүгүү департаментинин директору И.Н. Атабаев, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору А.Т. Озгонова, Медициналык факультеттин жана Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун эл аралык байланыштар боюнча координаторлору, ошондой эле Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө окуу графиктерине байланыштуу маселелер талкууланып, учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча сунуштар белгиленди. Ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн ортосундагы иш алып баруу, маалымат алмашуу жана документтерди өз убагында макулдашуу боюнча негизги маселелер каралды.
Окуу бөлүмүнүн директору Атабаев И. Н. иш процесстерин этап-этабы менен санариптештирүү зарылдыгын белгилеп, документ жүгүртүүнү системалаштыруу, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана процедуралардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча сунуштарын берди. Ошондой эле, документтерди туура толтуруунун үлгүлөрүн жана материалдарды даярдоо менен макулдашуу боюнча бирдиктүү талаптар бөлүмдүн адистери тарабынан сунушталып, учурда процессте каралууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында академиялык мобилдүүлүк боюнча жол картаны иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Кийинки жыйын кабыл алынган сунуштардын аткарылышын талкуулоо жана аралык жыйынтыктарды кароо максатында пландалды.