2026-жылдын 3-мартында Ош мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде чет өлкөлүк студенттер менен түшүндүрүү жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууну ОшМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Далбаев Канатбек Койчубаевич жана адиси Нурдинова Мырзайым Асановна биргеликте уюштурушту.
Жыйынга Өзбекстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу Азамат Болтаев, Башкы консулдуктун адиси Исроил Хомиджонов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсү Райимберди уулу Намазбек, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү Абдыкалыков Мунарбек, ошондой эле университеттин Медициналык факультетинин деканы Мамашарипов Кылычбек Мамадалиевич катышып, өз тармактары боюнча маалымат беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге виза алуу жана узартуу тартиби, Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого туруу, мыйзам талаптарын сактоо, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу тартиби, анын артыкчылыктары жана төлөм шарттары тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Студенттер тарабынан берилген суроолорго тиешелүү адистер жооп берип, пайдалуу маалыматтар сунушталды.