ОшМУнун окутуучулары эл аралык академиялык мобилдүүлүк алкагында квалификациясын жогорулатты

2026-04-09 12:28:26 156

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ички гранттык каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Табиятта сейрек кездешкен декоративдүү жана дарылык касиети бар айрым өсүмдүктөрдү интродукциялоо жолдорун иштеп чыгуу» аттуу илимий долбоордун алкагында, ошондой эле сырткы академиялык мобилдүүлүк программасын жүзөгө ашыруу максатында окутуучулар чет өлкөдө тажрыйба алмашып келишти.

Аталган иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун ББДжБОУ кафедрасынын доценти Боронбаева Айназик, улук окутуучусу Дурсунбаева Аида, ошондой эле медициналык колледждин окутуучулары Исакова Кенжекан жана Абдырахманова Жазгул катышты.

Окутуучулар Ташкент химиялык технологиялар институтунун биотехнология лабораториясында, ошондой эле Өзбекстан Илимдер Академиясына караштуу микробиология институтунда жана академик А.С. Содиков атындагы биоорганикалык химия институтунда илимий-изилдөө жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп келишти.

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар заманбап биотехнологиялык ыкмалар, өсүмдүктөрдү интродукциялоо жана алардын дарылык касиеттерин изилдөө багытындагы алдыңкы тажрыйбалар менен таанышып, эл аралык деңгээлде кызматташтык байланыштарды бекемдөөгө жетишишти.

Бул академиялык мобилдүүлүк программасы окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, илимий долбоордун сапаттуу аткарылышына жана университеттин эл аралык илимий интеграциясын кеңейтүүгө олуттуу салым кошот.