“Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгындагы өнөктөштүк” темасында эл аралык онлайн тегерек стол

2026-04-15 17:55:12 25

Илим жумалыгынын алкагында жана Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын 17-максатына ылайык Ош мамлекеттик университетинде “Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгындагы өнөктөштүк” темасында эл аралык онлайн тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Ош мамлекеттик университетинин Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Педагогика кафедрасы жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин “Билим берүү теориясы жана практикасы” кафедрасы тарабынан биргелешип уюштурулду.

Иш-чарага ОшМУнун жетекчилиги катышып, тышкы байланыштар боюнча проректор К.Ш. Аттокуров жана илимий иштер жана инновациялар боюнча проректор Д.А. Турсунов эл аралык кызматташтыктын маанисине өзгөчө токтолушту. 

Тегерек столдун негизги максаты — илим жана билим берүү тармагында эл аралык өнөктөштүктү чыңдоо, академиялык кызматташууну кеңейтүү жана биргелешкен илимий-методикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү болду.

Иш-чара тегерек стол форматында өтүп, катышуучулар ортосунда суроо-жооп жана пикир алмашуу уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө педагогика илиминдеги актуалдуу маселелер талкууланып, илимий-окуу-тарбия процессин интеграциялоо, инновациялык технологияларды колдонуу, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана биргелешкен илимий эмгектерди даярдоо маселелери каралды.

Иш-чарага эки жогорку окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, жетекчилик өкүлдөрү, магистранттар жана студенттер катышты.

Жыйынтыгында Scopus базасына индекстелүүчү илимий макалаларды даярдоо жана биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Иш-чараны педагогика кафедрасынын башчысы, доцент Г.А. Жутанова жана улук окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты Б.С. Кылышпай уюштурушту.

Жолугушуу Туруктуу өнүгүүнүн 17-максатынын алкагында глобалдык өнөктөштүктү чыңдоо аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө багытталган маанилүү илимий аянтча катары бааланды.