ОшМУнун студенттери Нанкин технологиялык институтунда кош дипломдук программа боюнча билим алышат

2026-08-27 20:12:18 11

Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун КМИГД кафедрасында даярдалып жаткан «Big Data аналитик» адистигинин эки студенти кош дипломдук билим берүү программасынын алкагында Кытай Эл Республикасында билим алууга жөнөп жатышат.

Программага ылайык, Жумаева Жаңылай жана Райимжанов Мухаммадюсуф Нанкин технологиялык институтунда эки жыл билим алышат. Студенттер кытай тили боюнча HSK 4 деңгээлиндеги экзаменди ийгиликтүү тапшырышкан.

Студенттерди чет өлкөдө билим алууга узатуу алдында ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору К.Ш. Аттокуров алар менен жеке жолугушуп, алдыдагы окуу процесси жана жаңы академиялык чөйрөгө ыңгайлашуу маселелери боюнча пикир алышты. Проректор студенттерге ийгиликтүү билим алып, эл аралык тажрыйба топтоо менен бирге ОшМУнун аброюн татыктуу көрсөтүүгө тилектештигин билдирди.

Ош мамлекеттик университети менен Нанкин технологиялык институтунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде студенттер үчүн окуу акысы жана жатакана акысыз, ошондой эле аларга ай сайын стипендия төлөнүп берилет.

Кош дипломдук программа студенттерге Big Data аналитикасы жана заманбап маалыматтык технологиялар жаатында терең билим алууга, эл аралык академиялык тажрыйба топтоого жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.