2026-09-10 19:49:44 4
Бүгүн, 10-сентябрда, Ош мамлекеттик университетинде Корея Республикасынын «Жаркын Кыргызстан» (BK-LUPIC) долбоорунун алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган жумушчу жолугушуу өттү.
Жолугушуунун негизги максаты — ОшМУнун Медицина факультетиндеги 560200 «Медайымдык иш» багыты боюнча бакалавриаттык программаны өнүктүрүү жана Корея Республикасы менен кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоо болду.
Иш-чарада BK-LUPIC долбоорунун негизги багыттары, ОшМУдагы медайымдык билим берүүнүн учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү перспективалары талкууланды. Ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо, симуляциялык кабинеттерди өнүктүрүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана 2+2 форматындагы кош дипломдук программаны ишке киргизүү боюнча сунуштар айтылды.
Жолугушууга ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, тышкы байланыштар боюнча проректор Аттокуров Курсантбек Шарабидинович, Медицина факультетинин деканы Мамашарипов Кылычбек Мамадалиевич, Медициналык колледждин директору Кыдыршаева Жанара Ахматжановна, Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу Каримбаев Элназар, ошондой эле Медицина факультетинин, медициналык колледждердин жана долбоордук программалардын өкүлдөрү катышты.
Корея тараптан «Жаркын Кыргызстан» долбоорунун жетекчиси, Кёнг Хи университетинин профессору Шин Хенсук, долбоордун жергиликтүү менеджери Бутешова Сабира Сатаровна жана координатору Сапаралиева Касиет катышты.
Жыйынтыгында тараптар медайымдык билим берүүнү өркүндөтүү, кореялык тажрыйбаны киргизүү жана ОшМУ менен Корея Республикасынын ортосундагы билим берүү кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү боюнча иштерди улантууга макулдашышты.