АУЦА менен ОшМУнун кызматташуусу тереңдейт

2021-05-06 17:20:43 116

10.04.2021

АУЦА менен ОшМУнун кызматташуусу тереңдейт

Борбордук Азиядагы америка университетинин президенти, доктор Эндрю Качинс ОшМУга иш сапары менен келди. Аны ректор К. Г. Кожобеков кабыл алып, жетекчилер окуу жайлар ортосундагы алаканы курчутуу маселелерин жана кызматташуунун жаңы векторлорун талкуулашты.

Эндрю Качинс ОшМУга биринчи жолу келип жаткандыгын, Кыргызстандагы университеттердин флагманы болгон, репутациясы бийик окуу жайдын босогосун аттоо чоң сыймык экендигин айтып, ректор мырзага жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ал эми Кудайберди Гапаралиевич Билим берүү жана илим министрлигинде иштеп турган мезгилде кесиптеши жетектеген окуу жайда бир нече жолу болгондугун, АУЦА менен ОшМУнун кызматташуусу жыл сайын жаңы тепкичке көтөрүлүп жаткандыгын белгиледи. Учурда студенттер ОшМУга тапшыруу менен борбордогу жана аймактардагы окуу жайларда академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин маалымдап, аталган окуу жайды “Ош декларациясына” мүчө болууга чакырды. Мындан тышкары кесиптешин университет жөнүндөгү презентация жана музей менен тааныштырып, автоматташтыруу жана санарипттештирүү багытында аткарылган жемиштүү иштерге токтолду.

Ректордун академиялык мобилдүүлүккө катышып жаткан студенттердин санын көбөйтүү жана Америкадагы окуу жайлар менен ОшМУнун ортосунда байланыш түзүүгө көпүрө болуп берүү сунушун Эндрю мырза чын дилинен кабыл алып, колдой тургандыгын убадалады.

Ошондой эле тараптар Эразмус+ программасынын негизинде биргелешкен эл аралык долбоорлорго катышуу, окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашууларды уюштуруу, Сорос фондунун алкагында иш алып баруу ж.б. багыттар боюнча кызматашуу ниеттерин билдиришти.

Айта кетсек, ОшМУ менен АУЦА 2018-жылыдын 18-январында эки тараптуу келишимге кол койгон. Жыл сайын ондогон студенттер академиялык мобилдүүлүктөн өтүп келе жатышат.