Конкурстун жыйынтыгы чыкты

2021-05-06 17:58:04 141

Конкурстун жыйынтыгы чыкты

Эл аралык байланыштар департаменти Борбордук Азиядагы Америка университетинде 2021-2022-окуу жылынын күзгү семестрин академиялык мобилдүүлүк боюнча окуп келүүгө карата студенттер арасында конкурс өткөрдү.

Жалпысынан сынакка 16 студент катталып, алардын тогузу келип катышты. Интервью студенттердин англис тилин билүү деңгээлин текшерүү максатында уюштурулду. Жыйынтыгында төмөнкү 5 кандидат тандалып алынды.

1. Абдывалиев Эшболот – эл аралык мамилелер факультети, 3 курс.

2. Абдисатар кызы Перизат - эл аралык мамилелер факультети, 1 курс.

3. Султанов Алтынбек - эл аралык мамилелер факультети, 3 курс.

4. Асылбек кызы Батма — дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин, 1 курс.

5. Акматова Акдана - эл аралык мамилелер факультети,, 2 курс, 0559162636.

Конкурстан өткөн студенттерибизди куттуктайбыз жана окууларына ийгиликтерди каалайбыз. Ал эми сынакты кабыл алган дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин окутуучулары Назарова Махлие жана Сагындыкова Зарипа эжекелерге жана декан Сабыргүл Шамситдиновнага терең ыраазычылык билдиребиз.