Каныбек Исаковду эскертүү

2021-06-04 17:10:45 138

                Бүгүн устатыбыз Каныбек Абдуваситовичтин туулган күнү. Агай көзү тирүү болгондо 52 жашка чыкмак. Ушундай кыска өмүрүндө 100-200 жыл жашагандай опол тоодой иштерди жасаганга үлгүрдү. Тарыхта өчпөс из калтырып, мазмундуу жашоонун үлгүсүн көрсөтө алды. Идеяга бай, күчкө толуп турган мезгилинде арабыздан кеткенине дагы деле каңырыгыбыз түтөп, жүрөгүбүз эзилип турат.

              Жаңы эле Ош мамлекеттик университетинин жыйындар залында эскерүү күнүн өткөрдүк. Агай бүтпөс аалам экендигине күбө болдук. Асыл адамды эстеп, мен дагы айрым көз ирмемдерди чиймеледим эле, тартуулоого уруксат этиңиздер.

              Каныбек агай сүрдүү, айбаттуу, олку-солкусуз, жаасы катуу жетекчи болгону менен мени апенди чалыш көрүп, ар качан тамашалап калаар эле. Алгач эл аралык байланыштар бөлүмүнө жумушка кабыл алып жатканда, кабинетине киргенимди эстеймин. Менин кызматымдын башкы талаптарынын бири чет өлкөлүк донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, университетке инвестиция тартуу болчу. Бул иштин өйдөсүнөн чыгаарыма анча көзүм жетпей, өзүмө болгон ишеничти жоготуп, мостоюп турсам. Агай кокусунан эле: “Бирөөдөн акча сураганды билесиңби өзү? Билсең, баары жакшы болот”, - деп, дем-күч берип, шыктандырып койду. Ошентип, оптимисттик нотада сыртка чыккам.

            Жаңыдан ишке келип, шуулдап, чу дегенде эле кызматташууну өркүндөтүүнү, академиялык мобилдүүлүктү күчөтүүнү ички окуу жайлардан баштагам. Тийиштүү структуралардын жетекчилерине (анын ичинде проректорлорго) ээ-жаа бербей эле күн сайын жазып, чалып, тынчын ала бериптирмин. Агай муну байкап калыптыр же бирөөлөр жеткирген чыгаар. Бир күнү агайга капыстан жолугуп калсам. “Эй бала, өпкөңдү басып акырын иште, Бишкектеги жетекчилердин сен дегенде жүрөгү чыгып калыптыр!” – деп, тамашалап, күлүп койду.

          Бир жолу Эрлан агай экөөбүз Бишкектен “PAWER” долбоорунун жетекчилеринин 3 күндүк семинарынан кайтып, Ошко Каныбек агай менен бир рейсте учуп калдык. Менин орундугумдун жанында агайдын бир таанышы олтурган экен, агай аны менен сүйлөшүп кетүүнү чечип, талондорубузду алмаштырып алдык. Келгенден кийин же кайра өзүмдүкүн сурап албаптырмын. Көрсө, талон отчетко тиркелет тура. Агайдан сураш, албетте, ыңгайсыз болчу, бирок айла жок жардамчысына кайрылууга туура келди. Агай аны аэропорттон чыгып эле урнага таштап жиберген экен. Айтымына караганда, араң кайра таптыртыптыр. Ошентип, агайды ашыкча түйшүккө салганымды айтып, кийин күлүп жүрдү. Ойлонуп, отуруп туура эмес кылганымды түшүндүм. Кайрадан жаңы билет сатып алып, тиркеп койсом маселе чечилмек деп өкүндүм.